Орусияда 90 күндөн ашык боло тургандар медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш — КР ТИМи

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Орусия Федерациясынын мыйзамдарындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын медициналык текшерүүдөн өтүү тартибине тиешелүү өзгөртүүлөр тууралуу эскертти.
Мекеме белгилегендей, милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн, эгерде мындай аракеттерде кылмыш курамы жок болсо, 25 миңден 50 миң рублга чейинки өлчөмдө административдик айып пул каралган. Мындан тышкары, Орусиянын аймагынан административдик түрдө чыгаруу (депортациялоо) мүмкүн.
ТИМдин тактоосунда, эгерде айып пул белгиленген мөөнөттө төлөнбөсө, тартип бузуучуга төлөнбөгөн айыптын эки эселенген өлчөмүндө айып салынып, милдеттүү түрдө административдик чыгаруу колдонулат.
Ошондой эле Орусия Федерациясынын мыйзамдарында медициналык текшерүүдөн өтүү тартибин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик, ал эми расмий документтерди, анын ичинде айланадагылар үчүн коркунучтуу оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттарды жасалмалоо жана сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
2026-жылдын 1-сентябрынан тарта Орусиянын аймагында 90 календардык күндөн ашык болууну пландаган чет өлкөлүк жарандар өлкөгө кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү экени баса белгиленет.
Кыргызстандын ТИМи Орусияда 90 күндөн ашык болууну пландаган жарандарга жана бул талаптар тиешелүү болгон башка адамдарга административдик жана кылмыш-жаза кесепеттерин алдын алуу үчүн өзгөртүүлөрдү эске алууну жана барган өлкөнүн мыйзамдарын сактоону сунуштайт.