Социалдык келишим 300 миң сомго чейин: Кыргызстанда жакырчылыкты кыскартуу программасы иштелип чыктыЖаратылыш ресурстары министрлиги мергендерге аңчылык эрежелерин эскертти«Кыргызфильм» балдарга арналган мультфильмдердин долбоорлоруна сынак жарыяладыЖасалма интеллект жана киберкоопсуздук: Кыргызстанда ЖОЖдордун адистиктеринин тизмеси жаңыланатКыргызстан менен Түркмөнстан экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдарКыргызстанда мөңгүлөрдүн мамлекеттик реестрин түзүү жана алардын абалына көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда
«Манас» аэропорту директорлор кеңеши үчүн 3,3 млн сом жумшайт
23.11.2021 | 11:57
“Манас” эл аралык аэропортунун акционерлери 2021-2022-жылдарга директорлор кеңешинин мүчөлөрүн күтүүгө кеткен чыгымдардын сметасын бекитти. Мындай чечим акционердик коомдун кезексиз жыйынынын жыйынтыгында кабыл алынды.
Сметага ылайык, директорлор кеңешин кармоого акционердик коомго 3 миллион 336 миң 618 сом керектелет. Дээрлик ушундай эле сумма – 3 млн 79,9 миң сом, ишкана текшерүү комиссиясын кармоого жумшайт.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдагы ишмердиктин жыйынтыгы боюнча мекеменин акционерлери 3,3 млрд сом киреше күтүшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика