Ош шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталдыЖакынкы Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга таасир этет — ЖККУ башчысы
Ош шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт
16.10.2026 | 14:50

7–9-ноябрь күндөрү Ош шаарында II Эл аралык илимий-популярдык жана агартуучулук «Сулайман-Тоо» кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Программанын алкагында тасмалардын сынактык жана атайын көрсөтүүлөрү, лекциялар, мастер-класстар, ошондой эле Болот Шамшиевдин тасмаларынын ретроспективасы өткөрүлөт.
Иш-чара Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаменти, Ош шаарынын мэриясы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулууда. Кинофестиваль кинорежиссёр Болот Шамшиевдин элесине арналат.
Долбоордун максаты — кинематография аркылуу илимди, билимди жана маданиятты жайылтуу, илимий-популярдык жана агартуучулук тасмаларды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык байланыштарды чыңдоо.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: кинофестиваль, Ош шаары