Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.
9-августка караган түнү өткөн жарым финалда ал болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен таймашка түштү. 3 раундга созулган беттештин жыйынтыгы менен Мунарбек Сейитбек уулуна жеңишке жетти.
Эми алтын үчүн ал өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен кез келет. Беттеш 11-августка караган түнү болот.
Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарынын финалына чыккан биринчи кыргызстандык боксчу болуп калды.