Боомдо 10 гектар жер өрттөнүп жатат — видео

Боомдо 10 гектар жер өрттөнүп жатат — видео

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Бишкек — Балыкчы унаа жолунун 157-чакырымында 7-майда өрт чыкты.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ачык аянттагы куураган чөп жана бадалдардан чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 3 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеп, 20 куткаруучу тартылган.

Токой чарба кызматынан 15 кызматкер, ИИМден 1 экипаж жана «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам өрттү өчүрүүгө көмөктөшүүдө.

Өрттүн болжолдуу аянтты 10 гектарды түзөт. Аймакта шамал болуп жаткандыгына байланыштуу өрттү өчүрүү иши жайлап атканын белгилешти.

Саат 22:30да «Балыкчы» суу чарбасынан 1 суу ташуучу унаа тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 00:30да чектөөгө алынып, жеринде Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн дан 1 күжүрмөн эсеп Токой чарбасынан 10 кызматкер өрттү толук өчүрүүгө жана түнкү нөөмөт уюштурууга калышкан.

Бүгүн, 8-майда жерине таң эрте өрттү толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүгө кошумча Тоң райондук №38 өрткө каршы бөлүктөн 5 куткаруучу, райондук токой чарбасынан 4 кызматкер жана Көк-Мойнок айыл аймагынан 3 кызматкер тартылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>