Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Стамбулда Эрдоганды колдогон митингге 1,7 млн адам келди – видео
08.05.2023 | 09:37
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган 7-майда Стамбулдагы аны колдогон митингге 1,7 миллион адам катышканын билдирди, деп жазат РИА Новости.
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген.
Азыркы президент Тайып Эрдогандын негизги атаандашы – “Республикалык альянстын” бирдиктүү талапкери – оппозициядагы “Элдик альянстын” бирдиктүү талапкери Кемал Киличдароглу. Шайлоого Мемлекет партиясынын лидери Мухаррем Инже менен Ata альянсынын талапкери Синан Оган да катышууда.
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы, эгерде бир дагы талапкер 50% добуш ала албаса, 28-майга белгиленген.
“Мага митингге 1 миллион 700 миң адам катышып жатканын жаңы эле кабарлашты, бул расмий маалыматтар”, – деди Эрдоган митингде сүйлөп жатып.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом