Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
«Борбор-2026» : Кыргызстанда Орусия менен биргелешкен машыгуулар башталды
11.08.2026 | 16:36

Кыргызстан менен Орусиянын «Борбор-2026» биргелешкен тактикалык машыгуусу Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, машыгуунун ачылыш аземи №20636 аскер бөлүгүнүн базасында өттү. Иш-чарага машыгуунун жетекчиси, полковник Алмазбек Кожошев, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингентинин башчысы, 201-аскердик базанын командиринин орун басары, гвардиянын подполковниги Дмитрий Лакеев жана Балыкчы шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Гүлнара Кукеева катышты.
Машыгууларга 500гө чейин аскер кызматкери катышууда. Анда 100гө чейинки курал-жарак жана аскердик техника, күжүрмөн FPV-дрондор жана эки өлкөнүн армиялык авиациясы тартылган.

Биргелешкен тактикалык машыгуу Кыргызстан менен Орусиянын коргоо ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында 11-августтан 17-августка чейин өтөт

Рубрики: Жаңылыктар, Коом