Бишкекте жана Чүйдө «ЭКСПО Кыргызстан» улуттук көргөзмө комплекси түзүлөт

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында «ЭКСПО Кыргызстан» улуттук көргөзмө комплексин түзүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн инвестициялык, экспорттук жана көргөзмө-конгресс потенциалын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык мамлекеттик милдет катары аныкталды.
Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетине көргөзмө комплексин түзүү долбоорун ишке ашыруу жана мамлекеттик органдардын ишин координациялоо үчүн мекемелер аралык эксперттик жумушчу топ түзүү тапшырылды.
Документте маалымдалгандай, бул кадам Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртуу, эл аралык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана өлкөнү глобалдык экономикалык процесстерге интеграциялоо максатында жасалууда. Жарлык расмий жарыялангандан күндөн (11-августтан) он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.