КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Кыргызстан жети айда 746,7 тонна балык экспорттоду
11.08.2026 | 16:50

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 746,7 тонна балык продукциясы экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, Кыргызстандын балык продукциясы негизинен Орусия жана Казакстан мамлекеттерине экспорттолууда. Бардык продукциялар ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык рынокко чыгарылат.
Учурда өлкөдө бул тармакта экспорттук ишмердүүлүк менен 9 ишкана алектенет. Министрлик балык чарбасын өнүктүрүү, өндүрүштү көбөйтүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштерди улантарын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика