Боронов Бишкектин жашоочуларын аймактарга каттабай турууга чакырды

Боронов Бишкектин жашоочуларын аймактарга каттабай турууга чакырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов облустар аралык жүргүнчү ташыган коомдук унаалардын ишин токтотуу маселеси карала тургандыгын айтты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда облустарга кире бериш жерлерде санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүүдө.

“Бишкектин жашоочуларын бул күндөрү аймактарга каттабай турууга, облустардын тургундарына коркунуч келтирбөөгө чакырам”, — деген Боронов.

Анын айтымында, Республиканын аймагында тойлорду өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.

“Азыркы учупда, айрыкча оорунун белгилери билинбей же жеңил өткөн кээ бир адамдар өздөрүн дени сак сезишип же кадимки эле сасык тумоо катары кабыл алган учурлар көп кездешүүдө. Бир адамдын иммунитети жогору, бир адамдын иммунитети начар болушу мүмкүн. Ооруну жуктуруп алып, бирок кыска убакыттын ичинде өзүн жакшы сезип калган жарандарды башкалар менен байланышпай турууга чакырам. COVID-19 инфекциясына тапшырылган тесттин жыйынтыгы терс чыккандыгына карабастан, жарандарда өпкөнүн сезгенүүсү аныкталган учурлар бар. Ушундай шартта өз алдынча эмес, бир гана дарыгерлердин көрсөтмөсү менен дарылануу зарылдыгын эсиңерден чыгарбагыла! Бул оорунун күчөп кетишинин алдын алат”, — деген өкмөт башчы.

Премьер-министр мекендештерди санитардык талаптарды сактоого чакырып, бул ооруну жеңүүнүн бирден-бир жолу экендигин белгилеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>