АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Алагозов: Президенттин атынан 5 миң сомдон акча берилет деген маалымат жалган
03.09.2026 | 11:21

Кыргызстандыктарга президент Садыр Жапаровдун атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сомдон акчалай жардам берилет деп соцтармактарга тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Анын айтымында, бул билдирүү мамлекет башчысынын атын пайдалануу менен пайда табууну көздөгөн адамдардын аракети болуп саналат.
"Мамлекет башчысынын атынан мындай төлөмдөр жарыяланган эмес. Тексти коштогон шилтеме расмий мамлекеттик ресурс болуп саналбайт",- деп билдирди Алагозов.
Ошондой эле ал учурда тийиштүү органдар аталган жалган маалымат боюнча иш алып барып жатканын айтты.
"Жарандарды жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана белгисиз күмөндүү шилтемелер аркылуу жеке маалыматтарын киргизбөөгө чакырабыз",- деди басма сөз катчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Аскат Алагозов, жалган маалымат