Кундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулуудаУлуттук госпиталдын адистери Францияда стажировкадан өтүүдө27-июнь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКыргызстанда бюрократиядан арылтууга багытталган мыйзамдардын пакети кабыл алындыКундуз Кырбашева: Кыргызстан «жашыл» диалогдун стратегиялык борборуна айланууда1-сентябрдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин жана кенже кызматкерлердин айлык акылары менен кошумча төлөмдөрү жогорулайт
Бороондон улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолу убактылуу жабылды
27.03.2025 | 16:48
Бүгүн, 27-мартта Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 212-222-чакырымы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Азыркы тапта аталган тилкеде катуу бороон болуп, жол жакшы көрүнбөй жатат. Жеринде министрликтин кызматкерлери атайын техникалар менен иш алып барып жатышат.
Министрлик алыс жолго сапар алган айдоочуларды аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом