Улуттук госпиталдын адистери Францияда стажировкадан өтүүдө

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын төрт адиси Париж шаарындагы Hospital Fondation Adolphe de Rothschild клиникасында кесиптик стажировкадан өтүп жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Окутуу программасы 2026-жылы аталган эки мекеменин ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде уюштурулган. Эске салсак, буга чейин саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Францияга болгон иш сапарында кыргызстандык дарыгерлерди Париждеги клиникаларга окууга жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Министрликтин маалыматында, адистер диагностика жана дарылоонун технологияларын үйрөнүп, практикалык иштерге катышып жатышат:
- Офтальмолог Алмаз Түлтемиров — көздүн тор кабыгынын ооруларын диагностикалоо жана дарылоо ыкмаларын өздөштүрүүдө;
- Офтальмолог Гүлнара Сулайманова — витреоретиналдык хирургия боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүдө;
- Невропатолог Нуржан Жапаралиева — Паркинсон оорусун жана кыймыл бузулууларын дарылоо боюнча билим алууда;
- Дарыгер Бообек Сооронбеков — ЛОР-хирургиясы жана баш-моюн хирургиясынын ыкмалары менен таанышууда.
Стажировка аяктагандан кийин дарыгерлер алган көндүмдөрүн Улуттук госпиталдын ишине киргизүүнү жана кесиптештерине окутуу иш-чараларын өткөрүшөт.