Кара-Кече кенине көмүр казуу үчүн беш жаңы экскаватор жеткирилди

Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенине катуу отунду казуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында беш жаңы заманбап экскаватор жеткирилди. Атайын техниканын ачкычтарын жумушчу жамаатка «Кыргызкөмүр» ААКтын башкы директору Рустамбек Садыралиев салтанаттуу түрдө тапшырды.
Оор машиналардын келиши өлкөнүн негизги күрөң көмүр кенинде кыртышты ачуу (вскрышные) иштерин тездетүүгө жана негизги өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга багытталган. Жаңы жабдуулар мамлекеттик ишканага кендеги татаал технологиялык милдеттерди өз алдынча аткарууга, өндүрүштүк чыгымдарды кыйла азайтууга жана жалпы операциялык натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Техникалык паркты системалуу түрдө жаңылоо алдыдагы күз-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагындагы маанилүү кадам болуп саналат. Кара-Кече кенинин үзгүлтүксүз жана туруктуу иштеши Бишкек ЖЭБин, бюджеттик мекемелерди жана республиканын калкын көмүр менен ишенимдүү камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.