Печенье жүктөлгөн фургонду айдап качып, өтүп бараткандарга таратып берген жаран кармалды«Бишкек Аренанын» расмий ачылышы 5-октябрга белгилендиМектептерде профилдик окутуу этап менен киргизилет. Ал кандайча болот?Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына билеттерди сатуу башталдыОпузалап акча талап кылууга шектелип Ысык-Көл токой чарбасынын инженери кармалдыКыргызстан жети айда 746,7 тонна балык экспорттоду
27-июнь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
27.06.2026 | 10:00

Бүгүн, 27-июнда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 18…23°C, күндүз 32…37°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 14…19°C, күндүз 28…33°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 33…38°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 33…38°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 33…38°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18°C, күндүз 26…31°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 25…30°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 21…23°C, күндүз 35…37°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы