Эксклюзив

Кундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулууда

27.06.2026 | 12:00
Кундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда ШКУнун алкагында BIEXPO компаниясы уюштурган “Energy Expo” адистештирилген көргөзмөсү ачылды. Мында чет өлкөлүк энергия жабдууларын жеткирүүчүлөр, ата мекендик өндүрүүчүлөр жана альтернативдүү энергия булактары жаатындагы чечимдерди интеграциялоочулар бир аянтчага чогулду. Эмне үчүн Кыргызстандагы бизнес массалык түрдө энергетикалык көз карандысыздыкка умтулууда, коомчулукта микрогенерацияны өнүктүрүү мамлекеттик бюджетке болгон жүктү кантип азайтат, энергетика тармагында аялдардын көз карашы эмне үчүн маанилүү жана ири күн электр станциялары эмне себептен айыл чарбасына зыян келтирбейт деген суроолорго Соода-өнөр жай палатасына караштуу Энергетика боюнча комитеттин төрайымы, Жашыл электр станциялары ассоциациясынын жетекчиси Кундус Кырбашева Reporter.kg’ге берген маегинде кенен түшүндүрмө берди.

— Бүгүн ШКУнун алкагында алгачкы ирет өткөрүлүп жаткан тармактык “Energy Expo” көргөзмөсү ачылды. Алгачкы таасириңиз менен бөлүшө кетсеңиз? Энергетика тармагында бизде чын эле бөлүшө турган нерсе барбы?

Биринчиден, биздин энергетикалык секторубуз өз алдынча адистештирилген көргөзмөгө ээ болгонуна абдан кубанычтамын. Буга чейин мындай көргөзмөлөр жалпы өнөр жай же курулуш форумдарынын алкагында гана өтүп келген. Бүгүн энергетика тармагы өзүн өзүнчө багыт катары көрсөтүп жатканы Кыргызстан үчүн маанилүү кадам.

Экинчиден, көргөзмө бизде жабдууларды жеткирүүчүлөр жана жергиликтүү компаниялар канчалык деңгээлде көбөйгөнүн көрсөттү. Болгондо да жөн гана импорт эмес, биздин ишканалар күн панелдерин, инверторлорду жана жылуулук насосторун өз алдынча чогултуп, энергияны натыйжалуу пайдалануу багытын өнүктүрүп жатышат. Акыркы жылдары энергияны үнөмдөө жана энергия тартыштыгын жоюу маселеси өтө курч болуп, рынок бул суроо-талапка дароо жооп кайтарды.

— Көргөзмөдө борборлоштурулбаган энергия өндүрүү боюнча бир катар чечимдер сунушталууда. Жеке сектордун энергетикалык көз карандысыздыкка болгон кызыгуусунун өсүшүнө эмне себеп болууда?

— Бизнес да, үй чарбалары да туруктуулукту каалашат. Системалык авариялар болгондо мисалы, жакында жүк ташуучу унаа электр берүүчү линияны бузуп, анын кесепетинен дээрлик Бишкектин баары жарыксыз калганда ишкерлер чоң чыгымга учурашат. Айрыкча өндүрүшү үзгүлтүксүз жүргөн ишканалар: кирпич заводдору, нан бышыруучу ишканалар, айнек өндүрүүчү ишканалар жабыркайт. Анткени алардын мештери тынымсыз иштеп турушу керек. Мындай ишканалар үчүн электр жарыгынын өчүшү чоң финансылык сокку болуп саналат.

Кундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулууда — иллюстрация

Бул себептүү азыркы күндө компаниялар энергетикалык көз карандысыздыкка умтулуп жатышат. Алар күн электр станцияларын жана жылуулук насосторун орнотушууда. Мени кубандырганы, мындай жабдууларды өзүбүздө, тактап айтканда, өлкө ичинде чогултуу башталды. Маселен, биздин ассоциациянын мүчөсү болгон «Айова» компаниясы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте университеттин базасында жылуулук насосторун чогултат. Албетте, бардык тетиктерди нөлдөн баштап өзүбүз өндүрөбүз деп айтуу туура эмес. Анткени күн панелдерин өндүрүүдө коңшу Кытай менен атаандашуу кыйын. Бирок жабдууларды өлкө ичинде чогултуу логистикалык чыгымдарды бир топ кыскартууга мүмкүндүк берип, натыйжада жабдуулардын төмөндөтөт.

— Керектөөчүлөрдүн электр энергиясын өз алдынча өндүрүүгө өтүшү экономикалык жактан канчалык негиздүү? Буга мамлекеттин көз карашы кандай?

— Бул жерде таза экономика жана эки тарапка тең пайдалуу болгон (win-win) принцип иштейт. Кыргызстанда электр энергиясынын 60 пайыздан ашыгын калк керектейт. Ошол эле учурда калк үчүн электр энергиясынын тарифи мамлекет тарабынан субсидияланат. Биз электр энергиясын кымбат баада импорттойбуз, ал эми айырманы Финансы министрлиги компенсациялап, калк электр энергиясын төмөнкү тариф менен пайдаланат. Ал эми өнөр жай ишканалары үчүн тариф болжол менен 5 сом жана андан жогору.

Жарандар же чакан бизнес микрогенерацияга өткөндө (мисалы, өз муктаждыгы үчүн үйдүн чатырына күн панелдерин орноткондо), алар жалпы электр тармагынан алган энергиянын көлөмүн азайтат. Натыйжада мамлекет тарабынан субсидияланган электр энергиясынын белгилүү бир көлөмү бошоп, аны мамлекет өнөр жай ишканаларына реалдуу рыноктук тариф менен багыттай алат. Мунун жыйынтыгында жарандар өздөрүн электр энергиясы менен өз алдынча камсыздайт, ал эми мамлекет субсидияга кеткен чыгымдарды азайтат жана энергия тартыштыгын жаратпай эле ири бизнеске электр энергиясын сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Адатта энергетика тармагы мырзалардын тармагы катары эсептелет. Сиздин баамыңызда, бүгүнкү күндө бул тармакта аялдардын ролу кандай?

— Мен мамлекеттик органдарды жана чечим кабыл алган жетекчилерди энергетика тармагын башкарууга аялдарды көбүрөөк тартууга чакырат элем. Бул тармакта иштеген эркектерди терең урматтайм, бирок аялдар маселелерге көбүнчө практикалык жана ар тараптуу көз караш менен карашат. Алар эркектер байкабай калышы мүмкүн болгон айрым жагдайларды көрүп, башкача чечимдерди сунуштай алышат. Ошондуктан чечим кабыл алуу процессине кесипкөй аялдарды көбүрөөк тартуу энергетика тармагын ийкемдүү жана туруктуу өнүктүрүүгө жардам берет.

— Жакында Ысык-Көлдө президенттин катышуусунда кубаттуулугу 127 МВт болгон ири күн электр станциясы ачылды. Коомчулукта мындай объектилерди куруу үчүн айыл чарбасына ылайыктуу түшүмдүү жерлер берилип жатат деген сындар айтылууда. Бул чынбы?

— Ооба, өткөн аптада вьетнамдык инвесторлор курган, кубаттуулугу 127 МВт болгон өлкөдөгү эң ири күн электр станциясы ишке берилди. Ага чейин эң кубаттуу станция Кеминде жайгашкан 100 МВттык күн электр станциясы болчу.

Жер маселесине байланыштуу айтылган сын-пикирлер негизсиз. Анткени мындай станциялар айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жараксыз, таштак жана түшүмсүз жерлерге курулат. Бул жерлер көп жылдар бою пайдаланылбай бош жаткан.

Кундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулууда — контекст события

Мындан тышкары, мунун экологиялык жактан дагы оң таасири бар. Күн панелдери көлөкө түшүрүп, топуракты күндүн ысыгынан коргойт жана нымдын бууланышын азайтат. Убакыт өткөн сайын панелдердин астында чөп өсүп, өзүнө мүнөздүү микроклимат калыптанышы мүмкүн. Ошондуктан кургакчыл аймактарда мындай станциялар келечекте топурактын абалын жарым-жартылай жакшыртып, жайыттарды же айрым өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ылайыктуу шарт түзүшү да мүмкүн.

— Жашыл энергетика тармагындагы инвестициялык климатка кандай баа бересиз? Кыргызстанда инвесторлор үчүн жетиштүү деңгээлде ыңгайлуу шарттар түзүлгөнбү?

— Бизге рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей жана ачык-айкын эрежелер керек. Азыр айрым учурларда тең салмактуулук сакталбай жатканын көрүп жатабыз, чет элдик инвесторлорго өзгөчө жеңилдиктер жана жашыл коридор түзүлүп жатканда, жергиликтүү компанияларга анчейин көңүл бурулбай калууда.

Бул туура эмес. Ата мекендик инвесторлор капиталын өлкөдөн сыртка алып кетишпейт. Алар ушул жерде жашап, салык төлөшөт, туруктуу жумуш орундарын түзүшөт жана Кыргызстандын узак мөөнөттүү өнүгүшүнө чын дилден кызыкдар. Мындан тышкары, биздин рыноктун өзгөчөлүктөрүн жана жергиликтүү шарттарды эң жакшы дал ушул ата мекендик ишкерлер билет.

Ошондуктан мамлекет биринчи кезекте жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоп, алардын чет элдик өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташуусуна шарт түзүшү керек. Бардык инвесторлор үчүн тең мүмкүнчүлүк жана түшүнүктүү эрежелер болгондо гана Кыргызстанда жашыл энергетика тез өнүгөт.

Маектешкен: Элвира Сатыбекова

Scroll to Top