Түптүн Кең-Суу айылына ипотекалык көп кабатуу үйлөр курулат

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында «Хан-Теңири-6» көп кабаттуу турак жай комплексин куруу иштери башталды. Долбоорду Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, комплекстин курулушуна 1,65 гектар жер бөлүнгөн. Долбоордун алкагында үч даана алты кабаттуу турак үй салынып, 180 батир пайдаланууга берилет. Анын ичинен:
- 42си бир бөлмөлүү;
- 102си эки бөлмөлүү;
- 36сы үч бөлмөлүү батир болот.
Комплекстин аймагында балдар аянтчасы, кичи футбол аянтчасы, теннис корту, эс алуу жана сейилдөө жолдору, ички жолдор жана 220 унаага ылайыкталган токтотуучу жай курулат. Батирлер электр энергиясы, таза суу, канализация жана жылытуу системаларына туташтырылат.
Курулушту баштоо аземине президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышып, бул долбоор өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашып жатканын билдирди. Эске салсак, президент буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек, Ош шаарларында жана облус борборлорунда турак жай курууну токтотуп, айылдарда, район борборлорунда жана кичи шаарларда курулуш иштерин жүргүзө баштаарын билдирген.