13-сентябрь: Кыргызстанда абанын табы +33°C чейин ысыйт, тоо этектеринде кыска мөөнөттүү күн күркүрөшү мүмкүн

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 13-сентябрда түнкүсүн республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17°C, күндүз +26…+31°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +9…+14°C, күндүз +25…+30°C;
- Ош облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +28…+33°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +28…+33°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +28…+33°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12°C, күндүз +21…+26°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10°C, күндүз +22…+27°C.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15°C, күндүз +29…+31°C болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°C, күндүз +21…+23°C болот.