КРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылдыКыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылды
13.09.2026 | 10:40

Бишкектеги «Vefa» соода борборунда 11-августта экинчи кабаттагы эскалатордон кулап кеткен наристе ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Эскерте кетсек, 2021-жылы туулган бөбөк ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Анда баш мээнин оор жаракаты, баш сөөктөрүнүн сынышы, мээнин шишиши, сол төбө тарабындагы эпидуралдык гематома жана башка жаракаттар аныкталган.
Балага шашылыш операция жасалган. Хирургиялык кийлигишүүдөн бир жума өткөндөн кийин ал эсине келип, ооруканада дарылануусун уланткан.


Бир айдын ичинде баланын абалы кыйла жакшырганы кабарланды — ал өз алдынча басып, сүйлөп, ойноп жана чуркап калды.
12-сентябрда ооруканадан чыгарар алдында балага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов барды. Ал баланын абалы менен таанышып, аны менен баарлашып, дарылоого катышкан дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.