MBANKтын жаңы «Маниполия» акциясында 50 млн сомдук 350 миң байге ойнотулатТеректердин ордуна — клёндөр: Орунбеков Бишкектеги Айтматов проспектисин жашылдандыруу тууралуу айттыАгрокөргөзмө-жарманкелер өтөт: Бишкекте 21–25-октябрда айрым көчөлөр жабылатБишкекте күчтүү дарыларды сатуучу каналдын башчысы кармалдыGovTicket: Шакиранын концертине билеттердин баасы арзандатылбайтБишкекте автобус айдоочусу мас абалында 6 унааны сүзүп, адамдар жабыркады
Бишкекте күчтүү дарыларды сатуучу каналдын башчысы кармалды
16.10.2026 | 11:38

УКМК кызматкерлери Кыргызстанга психотроптук заттарды мыйзамсыз ташып келүү жана сатуу боюнча ири каналдын ишине бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш үстүндө үч адам кармалган — курьер, фармацевт жана психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз сатууну уюштурган деп шектелген жаран.

Сөз «Лирика» (Magnus PREGALAX 300) жана «Тропикамид» соода аталышындагы дары-дармектер жөнүндө болуп жатат.
Тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда. Психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тиешеси бар башка адамдар такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом