Кыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды

13.10.2026 | 15:41
Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы жетекчиси Нурлан Конокбаевди кабыл алды — Новости Кыргызстана

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бүгүн, 13-октябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров аны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи Нурлан Конокбаев — Кыргызстандын кулуну, ал Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүргөн. Ошондой эле ал чыгармачылык тармакта эл аралык тажрыйбага ээ.

Жолугушууда Садыр Жапаров 2023-жылы мамлекеттик циркке барып, аны капиталдык оңдоодон өткөрүүнү тапшырганын эске салган. Анын айтымында, имарат жаңыланганына карабастан, ички келишпестиктер мекеменин ишине тоскоолдук жараткан. Мындан улам циркке сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынган. Президент цирк чыр-чатактардын эмес, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана чыгармачылыктын борбору болушу керектигин айткан.

Ошондой эле өлкө башчы жаңы жетекчиге эмгек тартибин чыңдоону, чет өлкөлүк цирк топторун чакырууну жана өнөр көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн көбөйтүү аркылуу программаны кеңейтүүнү тапшырган.

Scroll to Top