ИИМдин жалган кызматкери 33 млн сомдук баңгизат менен кармалды

ИИМдин жалган кызматкери 33 млн сомдук баңгизат менен кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык баңги синдикатынын мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен  биргеликте 2001-жылы туулган О.Э. аттуу жарандан болжолуу салмагы 6 кг болгон «мефедрон» психотроптук затты алышты. Мындан тышкары, кармалган жарандан ИИМдин БМЖКККнын кызматкеринин жасалма документи алынган.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда О.Э. жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн болмок. Мефедрон психотроптук затынын 40 000 ашуун бир дозасы өлкө боюнча жайылышына бөгөт коюлган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>