Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Быйыл 1-класска кире турган 14 миңдей окуучу бакчалардын имаратында окушу мүмкүн
22.04.2025 | 16:47
Быйыл 1-класска кире турган 14 миңдей окуучу бакчалардын имаратында окушу мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү департаментинин башчысы Рахат Мусаева билдирди.
Анын айтымында, быйыл Бишкекте 23 миңдей бала 1-класска, 25 миңдей бала 2-класска алынары болжолдонуп жатат.
“2-класстын окуучуларын мектептерге толугу менен жайгаштыруу пландалууда. Ал эми 1-класстын 9 миң баласы мектептерде, 14 миңи бакча имараттарында окутулат. Бул сан азайышы да мүмкүн”, — деди ал.
Ал окуу 35 мүнөттөн болуп, балдар 3-4 сааттан кийин үйүнө кетерин, андан кийин экинчи смена келерин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар