Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда

24.09.2026 | 13:45
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда — Новости Кыргызстана

21–23-сентябрь күндөрү Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү.

Энергетика министрлигинин маалыматында, сүйлөшүүлөргө үч мамлекеттин тышкы иштер, энергетика, каржы жана суу ресурстары тармагындагы мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышкан. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жолугушууда байкоочу болгон.

Үчүнчү раунддун жүрүшүндө тараптар өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун талкуулашкан. Анда долбоорду башкаруу механизмдери, каржылоо ыкмалары жана үч өлкөнүн координациясы боюнча маселелер каралган. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 2026-жылдын 31-мартынан 2-апрелине чейин Бишкек шаарында, экинчи раунду 28–30-апрелде Ташкент шаарында өткөн.

Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстандын ири энергетикалык долбоорлорунун бири болот. ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 1 860 МВт, ал эми электр энергиясын орточо жылдык өндүрүүсү болжол менен 6 млрд кВт·саатты түзөт.

Scroll to Top