Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Азия жана Европа өлкөлөрүнө быйыл 3 миңдей жаран ишке орношту
29.07.2022 | 10:57
Жыл башынан бери 3 миңдей кыргызстандык Чыгыш Азия жана Европа мамлекеттерине ишке орноштурулган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Араван районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал район тургундарына жарандарды өлкө ичинде жана чет жерде жумушка орноштуруу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
“Биринчи жарым жылдыкта 3 миңге жакын жаран Түштүк Корея, Япония, Германия жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөргө ишке орношту”, – деди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча 117 агенттик иштеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом