Быйыл Бишкекке автобустарды сатып алууга 3,8 млрд сом бөлүндү

Быйыл Бишкекке автобустарды сатып алууга 3,8 млрд сом бөлүндү

2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 3 806,0 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ошол эле учурда, 2023-жылдын 15-мартындагы ZHOHNTOHG BUS HOLDING CO LTD менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кытай тарап Кыргызстанга 86,5 млн АКШ долларына 1000 даана автобустарды камсыздап берет. Анын ичинен 500ү 2023 жылы, калган 500 автобусту 2024-жылы алып келүүсү күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги келишимге жана графикке ылайык 4 513,8 млн сом каржылады.

Мындан тышкары, “2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга республикалык бюджеттин пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамынын долбоорунда Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 4 339,2 млн сом өлчөмүндө каражат каралган, анын 1 164,9 млн сому бажы төлөмдөрүнө, калган 3 174,3 млн сому келишимден калган сумма.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>