Кыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдө

29.09.2026 | 11:21
Кыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдө — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун ортосундагы кирешеге жана капиталга карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Макулдашуунун негизги максаты — тараптардын биринин жараны же компаниясы экинчи тараптын аймагында киреше алган учурда салык салуунун бирдиктүү эрежелерин белгилөө. Документ бир эле кирешеге Кыргызстанда да, Гонконгдо да салык салынышына жол бербөөгө багытталган. Ошол эле учурда макулдашууда салык төлөөдөн качууга жана үчүнчү юрисдикциялардын резиденттери тарабынан салык жеңилдиктерин пайдаланууга каршы механизмдер каралган.

Макулдашуунун текстинде кыргыз тараптан документ пайда салыгына, киреше салыгына жана мүлк салыгына жайылтылары айтылат. Гонконг тараптан — пайдага, эмгек акыга жана мүлккө салынуучу салыктарга тиешелүү болот. Ошондой эле макулдашуу келечекте киргизилиши мүмкүн болгон ушул сыяктуу салыктарга да колдонулат.

Документте кирешенин ар кандай түрлөрүнө кайсы жерде салык салынышы керектиги кеңири аныкталган. Тактап айтканда, кыргызстандык компания Гонконгдо туруктуу өкүлчүлүк аркылуу иш жүргүзбөсө, анын пайдасына жалпы эреже боюнча Кыргызстанда гана салык салынат. Ушундай эле принцип Кыргызстанда иштеген Гонконг компанияларына карата да колдонулат.

Дивиденддер, пайыздар жана роялти боюнча өзүнчө эрежелер каралган. Тактап айтканда, дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси дивиденд төлөп жаткан компаниянын капиталынын кеминде 20%ына түздөн-түз ээлик кылган компания болсо жана макулдашууда белгиленген мөөнөт боюнча талаптар аткарылса, булактан кармалуучу дивиденд салыгы 5%дан ашпоого тийиш. Калган учурларда чектүү ставка 10%ды түзөт. Пайыздар жана роялти үчүн чектүү ставка 8% деп белгиленген.

Иш жүзүндө кош салык салууну жоюу буга чейин төлөнгөн салыкты эсепке алуу аркылуу да жүргүзүлөт. Мисалы, Кыргызстандын резиденти Гонконгдо киреше алып, макулдашууга ылайык ал жакта салык төлөсө, Кыргызстан бул сумманы өлкөдө төлөнүүгө тийиш болгон салыкты эсептөөдө эске ала алат. Мында эсепке алынуучу сумма Кыргызстанда колдонулган ставкалар боюнча эсептелген салыктын суммасынан ашпоого тийиш.

Макулдашуунун дагы бир бөлүгү салыктык маалымат алмашууга байланыштуу. Кыргызстан менен Гонконгдун компетенттүү органдары макулдашууну жана салык мыйзамдарын колдонуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды өз ара алмаша алышат. Алынган маалымат купуя сакталууга жана салыктык максаттарда пайдаланылууга тийиш. Ошондой эле документте маалымат банкта же башка финансылык мекемеде турганы үчүн гана аны берүүдөн баш тартууга болбой турганы каралган.

Экономика министрлигинин негиздеме-маалымкатында макулдашуу Кыргызстан менен Гонконгдун салык системаларынын өз ара мамилелеринде бирдиктүү мамилени калыптандыруу жана эл аралык кош салык салуу чөйрөсүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн зарыл экени белгиленген.

Зарыл болгон жол-жоболор аяктагандан кийин эки тарап бул тууралуу бири-бирине кабарлоого тийиш. Макулдашуу акыркы билдирүү алынган күнү күчүнө кирет. Кыргызстанда киреше булагынан кармалуучу салыктар боюнча анын жоболору макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып колдонула баштайт. Ушундай эле принцип башка салыктарга карата да каралган.

Scroll to Top