Минск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяланды

28.09.2026 | 17:49
Минск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяланды — Новости Кыргызстана

Маданият министрлиги жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна ачык сынак жарыялады. Жеңүүчү деп табылган долбоор Беларустун Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат.

Сынакка Кыргызстандын скульпторлору, архитекторлору жана чыгармачыл жамааттары катыша алышат. Документтер жана эскиздер 2026-жылдын 29-сентябрынан 29-октябрына чейин Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинин имаратында (Чүй проспектиси, 112) кабыл алынат.

Сынактын байге фонду: биринчи орунга 200 миң сом, экинчи орунга 150 миң сом, ал эми үчүнчү орунга 100 миң сом каралган. Долбоорлор идеялык деңгээли, көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу жана сейил бактын аймагына шайкештиги боюнча бааланат.

Минск шаарындагы сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Беларустагы элчилигинин демилгеси менен берилген. Жалпы аянты 19,6 гектарды түзгөн бул сейил бакта 2018-жылы жазуучуга арналган эстелик белги ачылган.

Scroll to Top