Быйыл жайкы лагерлерде 1 миңден ашуун бала эс алат

Быйыл жайкы лагерлерде 1 миңден ашуун бала эс алат

Быйыл 1-июлдан тарта №85 кесиптик лицейдин базасында “Келечек” жайкы лагери өз ишин баштады, мында 300 бала эс алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу балдарды жайкы лагердин ачылышы менен куттуктап, аларга эс алуу убактысын пайдалуу өткөрүүнү каалады.

“Баланын толук кандуу өнүгүүсү жана калыптануусу үчүн жайкы эс алуунун мааниси чоң. Балдар үчүн эс алуу убактысы туура уюштурулуп, коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керек”, — деди ал.

Эс алуу учурунда балдардын көңүлдүү жана сергек эс алуусу үчүн маданий-массалык иш-чаралар, спорттук мелдештер, ар кандай сынактар уюштурулат.

Быйылкы жылы өлкө боюнча жалпысынан 1 миңден ашуун бала кесиптик лицейлердин базасында түзүлгөн жайкы лагерлерде эс алуусу пландаштырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>