Бишкекте «Ырыс-Ордо» мамлекеттик конгресс-борбору ачылдыКурумдыда каза болгон эки альпинисттин сөөгүн ылдый түшүрө башташты, үчүнчүсүн издөө улануудаБишкектин Маевка айылында көп кабаттуу үйдөн өрт чыктыЖТП жана КИП резиденттерин Салык кызматында каттоо толугу менен автоматташтырылды25-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуНикол Пашинян эгер Арменияны ЖККУдан чыгарышса, буга ыраазы болорун билдирди — толугураак
Быйыл жол курууга 17 млрд сом бөлүндү
25.11.2022 | 13:20
Кыргызстанда быйыл 10 айда жолдорду курууга 17 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалымат боюнча, жыл аягына чейин жол тармагына тиешелүү материалдарды сатып алуу, жолдорду оңдоо жана башка иш-чараларга 18,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. Ошондой эле, 2021-жылга салыштырмалуу капиталдык салымдар эки эсеге өскөн.
Былтыр жол тармагына 2,1 млрд сом өлчөмүндө капиталдык салым салынган.
Быйыл 10 айда капиталдык салымдар 4,5 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 2,4 миллиард сомго көбөйдү. Мамлекеттик инвестициялар 9,5 миллиард сомго каржыланды. Жалпысынан жол тармагына 17,0 млрд сом бөлүнгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика