Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Быйыл жол курууга 17 млрд сом бөлүндү
25.11.2022 | 13:20
Кыргызстанда быйыл 10 айда жолдорду курууга 17 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалымат боюнча, жыл аягына чейин жол тармагына тиешелүү материалдарды сатып алуу, жолдорду оңдоо жана башка иш-чараларга 18,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. Ошондой эле, 2021-жылга салыштырмалуу капиталдык салымдар эки эсеге өскөн.
Былтыр жол тармагына 2,1 млрд сом өлчөмүндө капиталдык салым салынган.
Быйыл 10 айда капиталдык салымдар 4,5 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 2,4 миллиард сомго көбөйдү. Мамлекеттик инвестициялар 9,5 миллиард сомго каржыланды. Жалпысынан жол тармагына 17,0 млрд сом бөлүнгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика