Делегат: Кыргызстанда президенттер «монстрга» айланып кетет

Делегат: Кыргызстанда президенттер «монстрга» айланып кетет

Кыргызстанда президенттик тактыга жеткендер «монстрга» айланат экен. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте өтүп жатан Элдик курултайда Ош облусунун Кара-Суу районунан делегат болуп келген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева билдирди.

Ал Кыргызстанга президенттик башкаруу туура келбей турганын айтып жатканда залда отургандардын арасында анын сөзүн бөлүүгө аракет кылгандар болду. Бирок Жылдызкан Жолдошева Курултайга келгендердин ар биринин сөз сүйлөөгө акысы бар экенин айтып, сөзүн улады.

«Урматтуу мекендештер, урматтуу Садыр Нуркожоевич бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде «монстрга» айланат экен. Ошондуктан президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүбүз зарыл. Бул маселеге кайтып келишибиз керек. Себеби сизден кийин кандай адам келет, өлкөнү каякка алып барат?», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>