Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Былтыр 11 айда Өзбекстан Кыргызстандан 71,3 миң тонна картошка сатып алган
06.01.2025 | 13:10
Былтыр 11 айда Өзбекстан Кыргызстандан 71,3 миң тонна картошка сатып алган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы январь-ноябрь айларында Өзбекстан чет жактан 52,6 млн долларга 627 миң тонна картошка импорттогон.
Өзбекстан картошка сатып алган өлкөлөр:
- Казакстан – 465,2 миң тонна;
- Кыргызстан – 71,3 миң тонна;
- Пакистан – 110,7 миң тонна;
- Афганистан – 15,9 миң тонна;
- Иран – 3 миң тонна;
- Башка мамлекеттер – 1,6 миң тонна.