Кыргызстанда санариптик активдердин 194 лицензияланган провайдери иштейтКасымалиев салык жүгүн азайтуу боюнча үч чара тууралуу айтып бердиБишкектеги 40 студент шайлоо укугу жана медиасабаттуулук боюнча окуудан өтөтИшкерлерге 6 пайыз, тигүү тармагына 0 пайыз менен насыя берилүүдөТалиева Ош шаарынын мэрин саясий интригаларга жана депутаттарга кысым көрсөтүүгө айыптадыӨзбекстанда түрмөдөгүлөргө аралыктан жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет
Былтыр өлкөдө 228 млрд 277,1 млн сом салык жана төлөм жыйналды
11.01.2025 | 10:16
Салык кызматы былтыр мамлекеттик бюджетке 228 млрд 277,1 млн сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту.
Мекме билдиргендей, белгиленген план 4 млрд 368 млн сомго ашыгы менен аткарылды (аткаруу 102%). 2023-жылга караганда ал 43 млрд 260,6 млн сомго көп.
Ошондой эле Салык кызматы 74 млрд 82,7 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнаган. План 5 млрд 22,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Мурдагы жылга караганда ал 9 млрд 695,3 млн сомго көп.
Жыйынтыгында мекеме салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошкондо 302 млрд 359,8 млн сом чогулткан. Белгилей кетсек, Салык кызматы чогулткан камсыздандыруу төгүмдөрү Социалдык фондго түшөт.
Рубрики: Жаңылыктар