CASA-1000 долбоорунун алкагындагы жумуштар тууралуу маалымат

CASA-1000 долбоорунун алкагындагы жумуштар тууралуу маалымат

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы жумуштар уланууда.

Учурда тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу, чуңкурларын казуу, тирөөчтөрдүн пайдубалын бетондоо иштери толугу менен бүткөрүлүп, бардык 1243 тирөөч орнотулду.

Ошондой эле зымдарды тартуу жумуштары уланууда. Бүгүнкү күнү 427 чакырым (94%) зым тартылды. Кыргызстан боюнча жалпы 456 чакырым электр зымы тартылат.

Маалымат үчүн: CASA-1000 долбоору Борбор Азия менен Түштүк Азиянын — Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>