CASA-1000: Кыргызстанда 500 кВ электр чубалгысынын курулушу уланууда

CASA-1000: Кыргызстанда 500 кВ электр чубалгысынын курулушу уланууда

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр чубалгысы курулууда. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКсынын басма сөз кызматынын башчысы Элзада Саргашкаева билдирди.

Ал үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455,6 чакырым электр чубалгысы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин тартылат.

Долбоор боюнча 1 миң 241 электр тирөөч курулары пландалган. Азыркы учурда 744 (60%) тирөөч орнотулган. Ошол эле учурда 1 миң 164 (93,9%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулуп, чуңкурлар казылган. 1 миң 107 (89,2%) тирөөч бекемделип, бетондолгон.

Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иштер активдүү жүрүп жатат. Ишке 150 атайын техника, машина, траспорттук каражат жана 329 жумушчу тартылган. Жумушчулардын 70%га жакынын жергиликтүү тургундар түзөт.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ чөнөктүн курулуш иштери башталган. Аталган облустарда инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулган.

CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын — Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>