Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Чаткалдагы Ыдырыс-Ата күмбөзү көрктөндүрүлөт
26.08.2026 | 11:49
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайы реконструкцияланат. Учурда эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоордун алкагында 1 гектар аянтты ээлеген тарыхый объектинин аймагын иретке келтирүү жана инфраструктурасын жакшыртуу каралган. Негизги максат — тарыхый-маданий мурасты сактоо жана зыяратчылар менен туристтер үчүн тийиштүү шарттарды түзүү болуп саналат.
Министирлик учурда эскиздик долбоор белгиленген тартипте тиешелүү макулдашуу жол-жоболорунан өтүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом





