Чек ара чыры: “Самаркандек” тозотундагы ок атышуу токтоду

14.09.2022 | 16:47

Бүгүн, 14-сентябрда саат 15:08де башталган “Самаркандек” тозотундагы Паскы-Арык тилкесиндеги ок атышуу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Мындан мурдараак Чек ара кызматы саат 15:08де Тажикстан тарап аталган тозоттун чек ара кызматкерлерине ок чыгарып, ок атышуу башталганын билдирген.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда.

“Баткен районунда саат 08:10дон тарта тажик тарап баштаган ок атышуулар маал-маалы менен болууда. Саат 08:10до Булак-Башы жергесинде куралдуу кагылышуу болду. Саат 14:00дө Как-Сай жергесинде, саат 15:08де Паскы-Арык жергесинде тажик тараптан ок атуулар башталган”, – деп айтылат маалыматта.

Азыкы тапта эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Алар сүйлөшүүнү Паскы-Арык жергесинде улантары күтүлүүдө.

“Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top