КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Баткенде дарбыз жана коондордогу нитраттын өлчөмү нормадан ашкан жок
17.06.2026 | 14:24

Баткен облусундагы фитосанитардык өткөрмө постторунда дарбыз жана коондун курамын текшерүү иштери жүрүүдө. Текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгы боюнча, бахча өсүмдүктөрүндө нитраттын өлчөмү нормадан ашкан учурлар катталган жок.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, базарларга сапатсыз жана зыяндуу продукциянын киришин алдын алуу максатында мындай рейддер сезондун аягына чейин үзгүлтүксүз улантылат.
Текшерүүлөр Баткен өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын адистери тарабынан нитратомер шаймандары менен жүргүзүлүүдө. Бул чаралар калктын ден соолугун коргоо максатында жасалып жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Баткен