Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Чек ара кызматы: Кыргызстандык чек ара кызматкерине ок тийип каза болду
16.09.2019 | 21:51
Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон атышуудан бир кыргыз чек ара кызматкерине ок тийип каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
“Тажик тарап биринчи Максат чек ара постуна, андан соң Сай чек ара постуна ок атышты. Алдын ала маалыматтарга караганда 1 кыргыз чек арачысы каза болду. Саат 21:30да атышуу токтоду. Эки өлкөнүн чек ара башчылары кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүшүүдө”, – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар