Кыргызстанда KOICAнын колдоосу менен соода-логистикалык борбор курулат

Айыл чарба министринин орун басары Рысгул Акимжанова Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Лим Соён менен жолугушту. Тараптар 2024–2027-жылдарга каралган түшүм жыйноодон кийин айыл чарба продукциясын башкаруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты.
Макулдашуунун алкагында соода-логистикалык борбор куруу үчүн жер тилкеси аныкталып, курулуш иштери жакынкы аралыкта башталат. Ошондой эле 160 фермерге калемпир, капуста, малина жана кулпунай өстүрүү технологиялары үйрөтүлүп, 20 тармактык адис даярдалууда.
Долбоор түшүмдүн ысырап болушун азайтуу жана экспортту көбөйтүү максатында өстүрүлгөн чийки затты сактоо, кайра иштетүү, таңгактоо жана ташуу инфраструктурасын түзүүнү карайт.