Чек арачылар Тажикистанга аткезчилик жол менен алып бараткан товарларды кармашты

Чек арачылар Тажикистанга аткезчилик жол менен алып бараткан товарларды кармашты

УКМКнын Баткен облусу боюнча чек арачылары контрабандалык товарларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү боюнча бир нече аракеттерди токтотушту. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Канды аймагында Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары Hyundai-Porter унаасын кармашкан. Айдоочу Өзбекстандан Кыргызстанга 32 меш алып келүүгө аракет кылган.

Кечээ, 15 -октябрда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары 1993 -жылы туулган КРнын жараны Ж.К башкарган Mercedes Benz Sprinter унаасын кармашкан. Унааны текшерүү учурунда чек арачылар эл керектөөчү товарларды — 250 куту шампуньду табышкан. Айдоочу жүктү Тажикстандын аймагына жеткирүүнү көздөгөн.

Бүгүн, 16 -октябрда Лейлек районунун Жаштык айылында УКМКнын чек ара отряды 1990 -жылы туулган кыргыз жараны М.Кнын башкаруусундагы жүк ташуучу унааны кармады. Айдоочу 3 тонна жаңы тоңдурулган балыкты мыйзамсыз түрдө Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер катталгандан кийин кармалган жана контрабандалык товарлардын баары компетенттүү органдардын кызматкерлерине кошумча иликтөө үчүн өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>