Таш-Көмүр шаарында 1,5 млн долларга көмүрдү кайра иштетүүчү завод курулууда

23.10.2026 | 15:23
Таш-Көмүр шаарында 1,5 млн долларга көмүрдү кайра иштетүүчү завод курулууда — Новости Кыргызстана

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында инвестициялык баасы 1,5 млн долларды түзгөн «Таш-Көмүр КФ» көмүрдү кайра иштетүүчү заводунун курулушу жүрүп жатат. Ишкананы 2026-жылдын аягында ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров аталган шаардын социалдык-экономикалык абалы менен таанышып жатканда маалымдалды.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта шаарда дагы бир катар ири курулуштар жүрүүдө. Алардын бири — «ЮгЕвроЦемент» цемент заводунун курулушу. Долбоордун инвестициялык көлөмү 70 млн долларды түзөт. Завод 2027-жылы пайдаланууга берилет.

Ошондой эле Таш-Көмүрдө учурда 150 орундуу шаардык борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу паркынын курулушу жүрүүдө. Мындан тышкары шаарга Күрп-Сайдан ичүүчү суу жеткирүү пландалууда.

Жыйында өлкө башчыга Таш-Көмүр шаарында буга чейин жасалган иштер тууралуу да маалымат берилди. Атап айтканда, буга чейин шаарда 3 миң 975 орундуу «Шахтёр» стадиону реконструкцияланып, бокс залы, балдар искусство мектеби жана А. Пушкин атындагы №9 мектептин спорт залы пайдаланууга берилген. Ошондой эле президенттин Турукташтыруу фондунан ички жолдорду асфальттоого каражат бөлүнүп, коммуналдык чарбага 11 атайын техника сатылып алынган.

Scroll to Top