Улуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти

29.10.2026 | 17:13
Нацбанк предупредил о мошенниках, использующих поддельные сертификаты — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Улуттук банкы алдамчылар өзүлөрүн финансылык кеңешчи катары тааныштырып, мекеменин атынан жасалма сертификаттарды колдонгон учурлар бар экенин билдирип, жарандарды сак болууга чакырды.

Мекеменин маалыматында, алдамчылар адамдарды ишендирүү максатында Улуттук банктын атынан даярдалган жасалма сертификаттардын сүрөттөрүн жөнөтүшөт, ошондой эле расмий сайттардын көчүрмөлөрүн пайдаланып, жылдык 1% менен насыя убада кылышат. Алар жарандарды маалыматты текшерүүгө үлгүртпөө үчүн “Бул өзгөчө учур!” же “Азыр аракет кыл!” деген сөздөр менен шаштырып, тез арада чечим кабыл алууга үндөшөт.

Улуттук банк алдамчылардын тузагына түшпөө үчүн төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт:

  • мессенджерлер аркылуу белгисиз адамдар жөнөткөн сертификаттарга жана документтерге ишенбөө;
  • шектүү шилтемелерге кирбөө, паспорттук маалыматтарды, банк картасынын реквизиттерин, сырсөздөрдү жана коддорду башкаларга бербөө;
  • маалыматтын аныктыгын текшермейинче акча которбоо;
  • маалыматтарды расмий булактардан гана тактоо.

Улуттук банк жарандарга түз кредит бербей турганын жана мессенджерлер аркылуу кеңештерди таратпай турганын эскертти.

Scroll to Top