Кубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндүОш, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатаканалар курулат
Чет элдик жаран Бишкекте жаш кыздарды азгырып интимдик видео тарткан
03.04.2024 | 16:15
24 жаштагы Египеттин жараны Бишкекте жаш кыздардан акча опузалап келген. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал Бишкекте жаш кыздар менен таанышып, андан соң чогуу эс алууга чакырып, болуп жаткан бардык процесстерди (спирт ичимдиктерин, баңги заттарды, интим ж.б.) жашыруун түрдө аудио-видеого жаздырып алып жүргөн. Аны интернетке жүктөйм деп коркутуп акча талап кылып, андан ары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге да барган.
Шектүүгө каршы Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда аталган чет элдик жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом