Атазовдун мандаты боюнча иш: Депутат сотко келген жок, отурум 5-апрелге жылды

Атазовдун мандаты боюнча иш: Депутат сотко келген жок, отурум 5-апрелге жылды

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык сотунда депутат Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча апелляциялык арызды караган соттук отурум өттү.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 27-февралда Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болгон. Анда шайлоону Абдурахман Муртазалиев утуп, Шайлообек Атазов экинчи орунду алган. Бирок милиция Муртазалиевдин тарапташтары делген адамдарды добуш сатып алуу фактысы боюнча кармаган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) милициянын материалдарына таянып, Муртазалиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынын чыгарган. Натыйжада Атазов депутат болгон. Бирок Муртазалиев милиция кармаган адамдарга тиешеси жок экендигин айтып чыккан. Ал БШКнын чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылып, бирок бардык инстанциядагы соттор анын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Быйыл 21-февралда Муртазалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова БШКга кайрылып, Атазовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатты Муртазалиевге берүүнү суранган. Ал кайрылуусунда милиция добуш сатып алууга шектеп кармаган адамдардын Муртазалиев менен байланышы жок экени Свердлов райондук сотундагы териштирүүдө аныкталганын билдирген. Ал соттун чечими 2022-жылы 16-майда чыккан. БШК кайрылууну 22-февралда карап, аны канааттандырган эмес.

Мындан улам Токтакунова Бишкектин административдик сотуна БШКнын 22-февралдагы чечимин жокко чыгарууну өтүнүп кайрылган.

Марттын башында административдик сот арызды карап, Борбордук шайлоо комиссиянын 22-февралдагы чечимин жокко чыгарган. Ошондой эле сот БШКны 2022-жылдагы Муртазалиев боюнча чечимин жокко чыгарууну жана депутат деп таанууну милдеттендирген. Бул чечимге ылайык Атазов мандатсыз калат.

Аталган чечим менен макул болбой БШК, аны менен бирге Атазов Бишкек шаардык сотко апелляция менен кайрылган. Натыйжада алардын арызы боюнча соттук процесс 3-апрелде өттү.

Бүгүнкү отурумга Атазов келген жок. Жактоочусунун айтымында, ал Меккеде кичи ажылык сапар менен жүргөндүктөн, процесске келе албады. Ага байланыштуу отурумдун башталышында жактоочу депутат кичи ажылык амалын аткарып жүргөндүктөн, соттук жыйынды башка күнгө жылдыруу тууралуу өтүнүч келтирди. Анын айтымында, Атазов сотко апелляциялык арызды 28-мартта тапшырып, анын даттануусу боюнча отурум 14-15 күндөн кийин өтөт деген ой менен Меккеге кеткен. Бирок сот өтүнүчтү канаатандырган жок. Андан кийин Атазовдун жактоочусу менен ишенимдүү өкүлү дагы үч ирет (сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, иштин материалдары менен таанышуу үчүн убакыт сурап) өтүнүч келтирип, жыйынды бөлөк күнү өткөрүүнү суранды. Ал өтүнүчтөр канааттандыруусуз калтырылды.

Процесстин жүрүшүндө БШКнын өкүлдөрү жана Атазовдун жактоочулары Бишкектин административдик сотунун чечими туура болбогонун айтып, аны жокко чыгарууну суранды. Алардын айтымында, 2022-жылы Муртазалиевдин арызы боюнча маселе Жогорку сотто да каралып, анын кайрылуу канааттандыруусуз калтырылган. Ошондой эле алар сотко кайрылуу мөөнөтү өтүп кеткенин да билдиришти.

Муртазалиевдин жактоочусу административдик соттун чечими мыйзамдуу болгонун айтып, мурда Жогорку сотто каралган иш менен алардын Бишкектин административдик сотунда каралган кайрылуусу эки башка экенин билдирди. Ал административдик сотто БШКнын 2022-жылдагы чечими эмес, быйыл 22-февралда чыгарган чечими боюнча маселе каралганын белгиледи. Ал боюнча алар өз мөөнтөтүндө сотко кайрылган.

Жарыш сөздө БШКнын өкүлдөрү менен Атазовдун жактоочулары биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарууну, ал эми Муртазалиевдин жактоочусу буга чейинки соттун чечимин күчүндө калтырууну, берки эки тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнө чыгып келгенден кийин иштин материалдарында Свердлов райондук соттун 2022-жылдын 16-майындагы (Муртазалиевдин тарапташтары делип кармалган адамдарга чыккан) өкүмүнүн түп нускасы жок деген жүйө менен процессти 5-апрелге саат 14:00го жылдырды.

Сот депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>