Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттукташты

Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары Кыргызстандын жарандарын жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди 9-май — Жеңиш күнү менен куттукташты. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Беларустун премьер-министри Александр Турчин өз куттуктоо катында Жеңиш күнү бир тууган элдерди бириктирген ыйык майрам экенин белгилеп, согуш жылдарында калыптанган достук байланыштары бүгүнкү күндө эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн негизи болуп жатканын билдирген.
Ал эми Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов өз куттуктоосунда 9-май эрдиктин жана баатырдыктын символу экенин белгилеп, эки мамлекеттин элдерин жалпы тарых жана бир туугандык мамилелер бириктирерин айткан.
Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин өз куттуктоосунда советтик жоокерлердин нацизмди жеңүүдөгү эрдигинин маанисин баса белгилеп, алардын каармандыгы азыркы жана келечек муундардын эсинде түбөлүк сакталарын билдирген.
Мындан тышкары, кыргызстандыктарды Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода куттуктап, Жеңиш күнү тынчтыкты жана эркиндикти коргогон элдердин баатырдыгынын символу бойдон кала берерин белгилеген. Ал жеңүүчү муундун эрдиги Тажикстан менен Кыргызстандын достугун чыңдоого негиз болуп жатканын кошумчалады.
Ал эми Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бүгүнкү муун фронтто жана тылда өздөрүнүн өмүрүн аябай, тынчтыкты жана эркиндикти коргоп калган аталарга, чоң аталарга жана апаларга чексиз ыраазы экенин билдирген.