Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады. Анын куттуктоо сөзүн президенттин басма сөз кызматы жарыялады.
Садыр Жапаров өз куттуктоосунда 9-май тарыхый, моралдык жана руханий мааниге ээ өзгөчө күн экенин белгилеп, бул дата миллиондогон адамдардын өмүрү менен келген Улуу Жеңиштин символу экенин айтты.
“9-май — бул жөн гана тарыхый дата эмес, жалпы элдин эс тутуму. Улуу Жеңиштин дагы бир өзгөчөлүгү, бул жерде турган ар бир мекендешибиздин жеке тарыхына байланыштуу болгонунда”,- деп билдирди өлкө башчы.
Президенттин айтымында, согуш жылдарында кыргызстандыктар фронтто да, тылда да чоң эрдик көрсөтүп, Жеңишке баа жеткис салым кошкон. Ал Кыргызстан согушка 360 миңден ашуун адамды жөнөткөнүн, алардын 110 миңден ашыгы майдан талаасында курман болгонун эске салды.
Ошондой эле мамлекет башчысы 150 миңден ашуун кыргызстандык орден-медалдар менен сыйланганын, 73 жоокерге “Советтер Союзунун Баатыры” наамы ыйгарылганын белгиледи.
“Тилекке каршы, бул каардуу согушка катышып, анын бардык кыйынчылыктарын, азап-муңун башынан өткөргөндөрдүн катары жылдан-жылга, күндөн-күнгө суюлуп барат. Бүгүн Кыргызстанда согуштун 7 гана ардагери, ооруктун 297 эмгекчиси Жеңиштин 81 жылдыгын майрамдоодо”,-деди ал.
Президент согуштун кесепеттерине да токтолуп, дүйнөдөгү тынчтыкты, ынтымакты жана биримдикти сактоо ар бир адамдын милдети экенин белгиледи.
“Баарыбызга жакшы маалым, согуш — бул жоготуу, согуш – бул кайгы, көз жаш. Бирок ошол кан күйгөн күндөрдө да кайратыңыздардан жазбай, бири-бириңиздерге болгон бекем ишеним менен Жеңишти камсыз кылгансыздар. Сиздердин каармандыгыңыздар, чыдамкайлыгыңыздар жана Мекенге болгон чексиз сүйүүңүздөрдүн алдында башыбызды ийип, терең таазим кылабыз”,-деди өлкө башчы.
Куттуктоосунун соңунда мамлекет башчысы ардагерлерге бекем ден соолук, узак өмүр каалап, өлкөдө ар дайым тынчтык жана бейпилдик болсун деген тилегин билдирди.