Чет өлкөдө иштеген жарандар үчүн пенсиялык камсыздандыруу системасы жеткиликтүү болду

08.09.2026 | 11:25
Система пенсионного страхования стала доступна для граждан, работающих за рубежом — Новости Кыргызстана

Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу системасына дистанциялык түрдө катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылган реформалардын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Анын айтымында, эми эмгек мигранттары «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргызстандын телефон номерин колдонбостон катталып, электрондук кол тамга ала алышат.

Ошондой эле Салык төлөөчүнүн кабинетине дистанциялык түрдө кирүү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн банктык карта аркылуу төлөө шарттары түзүлдү.

Буга чейин системага катышуу үчүн жарандар аймактык салык органдарына жеке өзү кайрылууга милдеттүү болчу. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында административдик тоскоолдуктар жоюлду. Эмгек мигранттары Кыргызстанга келбестен пенсиялык укуктарын түзүү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Scroll to Top