Өлкөдө болуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген чет элдиктердин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынат — Министрлер кабинети

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында болуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди — тиешелүү № 602 токтомго 2026-жылдын 7-сентябрында кол коюлду.
Документке ылайык, Кыргызстанда уруксат берилген мөөнөттөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жарандарга эми алар үчүн белгиленген визасыз жүрүү мөөнөтүнө барабар убакытка өлкөгө кирүүгө уруксат берилбейт (кирүүсү жабылат). Чет элдиктин өлкөдө болгон убактысы ТМЭБТ (Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму) аркылуу автоматтык түрдө эсептелет, мында мурунку жүрүү мезгилинин бүткөн күнү катары анын Кыргызстандан акыркы жолу чыгып кеткен күнү саналат.
Кыргыз жарандарынын чет элдик жубайлары жана жашы жете элек балдары үчүн өзгөчө эреже каралган — эгер алар уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча жүрүп коюшса, туугандык байланышын тастыктаган документтери болгон шартта, өлкөдөгү макамын мыйзамдаштыруу үчүн бир жолу кирүүгө уруксат берилет. Зарыл болгон документтерди өлкөгө кирген күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде тариздөө зарыл.
Ошондой эле өлкөдө белгиленген мөөнөттөн ашыкча жүргөн чет элдиктер миграциялык мыйзамдарда каралган тартипте жашоого уруксат (ВНЖ) алуу үчүн кайрыла алышат.
Мындан тышкары, жободо көрсөтүлгөн мамлекеттердин тизмесине Молдова кошулду — эми ал Монголия менен катар тизмеде көрсөтүлдү.
№ 602 токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.